Тарых

Бөлүмдөр


Билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча «EdNet» агенттиги расмий түрдө 2012-жылдын 22-июнунда каттоодон өткөн. Анын негизги максаты – ички жана тышкы сапатты камсыздоо тутумун өркүндөтүү жана жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларынын көз карандысыз аккредитациясын жүргүзүү аркылуу сапат маданиятын жайылтуу болуп саналат. Агенттик Темпус программасынын алкагында 2009-2012-жылдары ишке ашырылган CANQA – Борбордук Азиянын Сапатты Камсыздоо Тармагын Түзүү долбоорунун жыйынтыгы катары түзүлгөн.

Агенттикти ачууга даярдык 2009-жылдан башталып, бул мезгил ичинде чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы изилденип, анын негизинде Европалык стандарттарга жана талаптарга (ESG) негизделген программалардын сапатын баалоо методикасы иштелип чыккан. Окуу программаларынын сапатын баалоодо агенттик төмөнкү принциптерди карманат:

·  Ачыктык

·  Айкындуулук

·  Кесипкөйлүк

·  Объективдүүлүк

·  Терең баалоо

Агенттикте иштөө үчүн адистерди даярдоо 4 жыл бою Нидерландия, Испания, Венгрия, Германия, Румыния жана Франциянын адистери менен биргеликте жүргүзүлүп, бул окуу программаларынын сапатын кесипкөй жана объективдүү баалоого өбөлгө түзгөн.

Бүгүнкү күндө EdNet агенттиги бул:

·  Аккредитациянын стандарттарын жана жол-жоболорун адаптациялоо жана жогорку окуу жайларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү боюнча уникалдуу тажрыйбага ээ;

·  Аккредитация жана сапатты камсыздоо системалары боюнча атайын даярдыктан өткөн эксперттердин кесипкөй маалымат базасы;

·  Кыргызстандагы жогорку билим берүү системасынын сапатын баалоо үчүн автордук методологиялар жана инструменттер;

·  Чет элдик аккредитация агенттиктери жана өнөктөштөр менен бекем эл аралык байланыштар.

EdNet агенттиги эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен эксперттерди окутуу программасын иштеп чыгып, ал аккредитация жана баалоо ыкмалары боюнча маалымдуулукту жогорулатууга гана эмес, келечектеги эксперттердин билим берүү сапатын талдоо жана баалоо боюнча конкреттүү билимдери менен көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Андан тышкары, аккредитацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча көп жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында EdNet агенттиги билим берүүнүн ички жана тышкы сапатын баалоо боюнча маанилүү жана кесипкөй методологиялык базаны түзүп, жогорку окуу жайларында ички сапатты камсыздоо системаларын диагностикадан өткөрүү, талдоо жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.

EdNet агенттиги жогорку окуу жайлары менен алардын ички сапат камсыздоо системасын диагностикалоо, уюштуруу иштерин жүргүзүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча активдүү иш алып барат, бул окуу жайларын көз карандысыз аккредитациядан өтүүгө даярдайт. Иш-чаралар ректорлор, администрация жана окутуучулар арасында жүргүзүлөт.

Окуу программаларын баалоо үчүн агенттик эксперттик комиссияга сапатты камсыздоо жана окуу программаларынын мазмуну боюнча эксперттерди, иш берүүчүлөр коомчулугунун жана студенттердин өкүлдөрүн тартат, бул программалардын сапатына толук жана ар тараптуу баа берүүгө, ошондой эле аны коомчулуктун кеңири катмары үчүн жеткиликтүү кылууга шарт түзөт.